www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ири өлчөмдөгү алдамчылыкка айыпталып, эл аралык издөөдө жүргөн Кыргызстандын эки жараны Грузиядан Кыргызстанга экстрадицияланды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Маалыматка караганда, Т.К. аттуу жаран жасалма документтер аркылуу Көк-Жар айылындагы 27,9 гектар жер тилкесине укук белгилөөчү документтердин дубликаттарын алып, жерди үчүнчү жактарга мыйзамсыз сатып жиберген деп айыпталууда.

Ал эми Н.Т. жасалма документтерди колдонуп, автоунааны мыйзамсыз ээлеп алып, кийин аны сатып жиберген. Анын аракетинен жабырлануучуга өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилгени айтылды.

Экстрадицияланган жарандар Кыргызстанга жеткирилип, тергөө абагына киргизилди.

Башкы прокуратура издөөдө жүргөн адамдарды жоопкерчиликке тартуу жана жарандардын мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча иштер уланып жатканын белгиледи.

Последние новости