www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нурсултан Курманалы уулу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары болуп дайындалды.

Жаңы дайындалган жетекчини мекеменин эмгек жамаатына бүгүн, 6-октябрда, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын тармактык саясат бөлүмүнүн башкы эксперти Эржигит Ибраимов тааныштырды.

Нурсултан Курманалы уулу 1994-жылдын 26-августунда Бишкек шаарында туулган. Ал Россиянын Ички иштер министрлигинин Омск академиясын «Улуттук коопсуздукту укуктук камсыз кылуу» адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек жолун ички иштер органдарында баштап, 2013-2018-жылдары кызмат өтөгөн.

2019-2022-жылдары Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинде мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жана инвестицияларды тартуу секторунда адис жана жетектөөчү адис болуп иштеген.

2022-2025-жылдары Дене тарбия жана спорт департаментинде бир катар жетекчилик кызматтарды аркалаган.

2025-жылдын май айынан тартып Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин Укуктук камсыздоо жана адам ресурстарын башкаруу башкармалыгынын начальниги болуп иштеп келген.

Последние новости