www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
3-октябрдан 4-октябрга караган түнү Түштүк Кореянын Пхёнтхэк шаарында массалык мушташ болуп, анын кесепетинен Кыргызстандын бир нече жараны денесинен жаракат алган. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Окуя болгон күнү Кыргызстандын Түштүк Кореядагы консулу жерине барып, кармалган кыргызстандыктар жана жергиликтүү укук коргоо жана медициналык мекемелердин өкүлдөрү менен жолугушкан.
ТИМдин маалыматына караганда, дипломатиялык өкүлчүлүк жабыркаган жарандардын абалын көзөмөлдөп, алардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча тиешелүү чараларды көрүүдө. Ошондой эле алардын жакындары менен байланыш түзүлгөн.
Учурда Түштүк Кореянын укук коргоо органдары тергөө иштерин жүргүзүүдө. Кырдаал ТИМдин өзгөчө көзөмөлүндө.