www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте COVID-19 жана этиологиясы белгисиз болгон пневмония менен ооруган жарандарды кабыл алуу үчүн кошумча орундуктар ачылды. Бул тууралуу Республикалык штаб маалымдады.
Бүгүнкү күндө Бишкекте 11 стационар бейтаптарды кабыл алып жатат:
• Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасы (РКЖОО) – 100 орун;
• Кыргыз-түрк "Достук" ооруканасы (КТО) – 70 орун;
• №1 шаардык клиникалык ооруканасы (№1 ШКО) – 92 орун;
• Улуттук госпиталь (УГ) – 80 орун;
• Улуттук фтизиатрия борбору (УФБ) – 38 орун;
• Эне жана баланы коргоо улуттук борбору (ЭжБКУБ) – 30 орун;
• Улуттук онкология жана гематология (УОиГ) – 10 орун;
• Улуттук хирургия борбору (УХБ) – 15 орун;
• Улуттук кардиология жана терапия борбору (УКжТБ) – 50 орун;
• Темир жол ооруканасы (ТЖО ) – 56 орун;
• 2 клиникалык төрөт үйү (КРД№2) – 20.
Жалпысынан борбор калаада 561 койко-орундук даярдалган.
Булак: NazarNews.kg