www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чех мамлекетинин эмгек министри Яна Малачова өлкөдөгү Covid-19 абалы тууралуу интервью берип бүткөндөн кийин микрофону өчүк деп ойлоп, өлкөнүн премьер министри Андрей Бабиш өлкөнү “бордель” кылып салган “макоо” деп сөккөн. Кийинчерээк бул видео интервьюнун биринчи варинаты чыккандан кийин өзүнчө видео болуп жалпыга тараган.
“Бул Бабиш курган бордель. Эми биз болгон кир ишти тилибиз менен жалап тазалообуз керек. Бул макоо киши.”-деп сүйлөнгөн. Бирок, микрофон дагы деле иштеп жатканын түшүнгөн Малачова: “Пардон. Кечиресиздер.”- деп кечирим сурап кетип калган.
Яна Малачованын Бабишке болгон мындай корс мамилеси өлкөдөгү оорлоп кеткен коронавирус илдетинен улам болгон. Министрден башка эле оппозициялык партия менен, саламаттыкты сактоо министрлиги да премьерди катуу сындап келишет. Анткени Бабиш коронавирус илдети күчөп баштаганда эле беткаптарды тагып, карантинге чыгарууну ойлобостон, кырдаал аягына чейин оорлошуп кеткенче кымырабай жүрө берген. Мунун айынан азыркы учурда Чех мамлекети дүйнө жүзүндөгү эң көп вируска чалдыккан өлкөлөрдүн баш саптарын ээлеп келет.
Булак: NazarNews.kg