www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте дагы 4 маршрутканын каттаган жолу өзгөртүлдү

Чечим коомдук транспорттордун каттамын ачуу, жабуу жана өзгөртүү маселелерин кароо боюнча комиссиянын кезектеги отурумунда кабыл алынган.

Бишкекте эл ташыган дагы бир катар кичи автобустардын маршруту өзгөртүлдү. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Бул аптада коомдук транспорттордун каттамдарын ачуу, жабуу жана өзгөртүү маселелерин кароо боюнча комиссиянын кезектеги отуруму өтүп, жети маселе каралган.

Анын жыйынтыгы менен № 129 маршруттук каттамдын жолу жарым-жартылай өзгөртүлдү. Коммунаров көчөсүндөгү акыркы аялдамага кеткен кыймыл эми Бейшеналиева — Рыскулов — Кулиев көчөлөрү боюнча каттап, Жибек Жолу проспектине чыгат. Андан ары мурдагы схема менен кетет. Ошондой эле № 215 кичи автобустун каттамы Лущихин көчөсү менен Теңир-Тоого чейин узартылды.

№ 17 автобустук каттамдын кыймылынын схемасы жарым-жартылай өзгөртүлүп, Сыдыгалиев — Жамгырчинов — Интергельпо көчөлөрү менен жүрүп, андан кийин Дэн Сяопин көчөсүнө чыгат. № 118 кичи автобустун каттамы Орок көчөсүндөгү № 90 орто мектепке чейин узартылды.

Комиссиянын курамына Кайгуул-күзөт кызматы башкармалыгынын, Бишкек шаарынын Автоунаа, суу транспорту жана салмак-габариттик көзөмөл агенттигинин, Бишкек троллейбус башкармалыгынын, Бишкек жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорт ишканасынын жана акимчиликтин өкүлдөрү кирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости