www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Беларуста Конституцияга өзгөртүү киргизүү долбоору жарыяланды, анда президентке кол тийбестик каралган.

"Президенттин кол тийбестиги бар, анын ар-намысы жана кадыр-баркы мыйзам менен корголот. Мөөнөтү бүткөндөн кийин президент өзүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууга байланыштуу жасаган аракеттери үчүн жоопкерчиликке тартылбайт", - деп Конституциянын жаңы версиясында жазылат .

Ошондой эле, бир адамдын эки мөөнөттөн ашык президент болушуна тыюу салуу сунушталууда. Шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча чыгымдарды чет мамлекеттер жана уюмдар, чет өлкөлүк жарандар тарабынан каржылоого тыюу салынат. Чет мамлекетте жарандыгы же жашап турууга уруксаты бар адам президент боло албайт. Ошондой эле президент болуу үчүн Беларуста шайлоого чейин кеминде 20 жыл туруктуу жашаш керек.

Конституциянын жаңы долбооруна Орусиядагыдай өзгөртүү киргизүү сунушталууда - “эркек менен аялдын ортосундагы өнөктөштүк” болгон нике гана мамлекеттин коргоосуна алынат.

Президент Конституцияны системалуу түрдө же одоно бузган, мамлекетке чыккынчылык кылган же башка оор кылмыш жасаган учурда Бүткүл Беларус элдик жыйыны тарабынан кызматынан четтетилиши мүмкүн. Бул үчүн Өкүлдөр палатасынын толук курамынын кеминде үчтөн биринин же Беларустун добуш берүүгө укуктуу, кеминде 150 миң жарандын демилгеси керек.

Президент ыйгарым укуктары аяктагандан кийин Бүткүл Беларус элдик жыйынынын делегаты болуп кала берет жана кааласа өмүрүнүн аягына чейин өлкө кеңешинин мүчөсү боло алат.

"РИА Новости" билдиргендей, өзгөртүүлөр боюнча референдум 2022-жылдын февралынан кечиктирилбестен өтүшү керек, ага чейин коомдук талкуу өткөрүлөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости