www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарында 2026-жылдын 2-апрелинде Дэн Сяопин проспектисинин Интергельпо көчөсүнөн Патрис Лумумба көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн ачылат.
Ошол эле учурда, жол оңдоо иштеринин улантылышына байланыштуу төмөнкүдөй убактылуу чектөөлөр киргизилет.
Тагыраагы, Дэн Сяопин проспектисинин Патрис Лумумба көчөсүнөн Кустанай көчөсүнө чейинки бөлүгү реабилитацияга жабылат.
Ошондой эле, Дэн Сяопин проспектиси менен Сыдыгалиев көчөсүнүн кесилиши 2026-жылдын 2-апрелинен 7-апрелине чейин убактылуу жабылат.
Аталган чектөөлөр жолду оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу.
Бишкек шаарынын мэриясы жарандарды убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууга жана каттамдарын алдын-ала пландаштырууга чакырат.