www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Индияда калкты каттоо, санын тактоо башталды

1-апрелден тартып Индияда көптөн күткөн калкты каттоо башталды, ал бир жыл бою уланат. Башында 2021-жылга пландалган бул кампания COVID-19 пандемиясынан улам кийинкиге жылдырылган. Аны өткөрүү үчүн үч миллиондон ашык мамлекеттик кызматкер тартылат.

Каттоо процесси эки негизги этаптан турат. Биринчи этапта тургундар онлайн каттоодон өтө алышат, андан кийин үймө-үй кыдырып, кеңири маалымат чогултуу иштери башталат. Каттоо учурунда жарандардын жеке маалыматтары гана эмес, алардын турак жай шарттары тууралуу да маалыматтар жазылат.

Алдыдагы каттоонун эң көп талкууланган жагы, касталар тууралуу маалымат чогултуу болуп жатат. Бул чараны колдогондор мындай маалыматтар муктаж болгон калк катмарларына мамлекеттик жардамды так жеткирүү үчүн зарыл деп эсептешет. Ал эми сынга алгандар мындай маалыматтарды чогултуу дүйнөлүк ири держава болууга умтулган өлкө үчүн туура эмес деп эсептеп, бул эскирген социалдык бөлүнүүлөрдү күчөтүшү мүмкүн дешет.

Worldometer'дин акыркы маалыматтарына ылайык, Индиянын калкы 1,47 миллиард адамдан ашат, бул дүйнө калкынын болжол менен 17,79% түзөт.

Последние новости