www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаардык №2 клиникалык төрөт үйүндө коронавирус аныкталган 27 жаштагы аял киши каза болду. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев бүгүн, 30-июнда өкмөттөгү брифингде билдирди.

Республиканын башкы гинекологу Раиса Асылбашеванын берген маалыматына ылайык, маркум эгиз балдарды операция аркылуу төрөгөн.

"Ал эгиздерди сегизинчи ай болгондо төрөдү. Бүгүнкү күндө балдар №4 төрөт үйүндө", - деди ал.

Адистин айтымында, маркумда пневмония дарты болгон.

Белгилей кетсек, 30-июнга карата Кыргызстанда коронавирус оорусу аныкталган 7 адам көз жумду. Муну менен илдет жуккандан кийин каза болгондордун саны 57 адамга жетти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости