www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 2020-жылдын 30-июнь күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын имаратында Кыргыз Республикасынын ИИМдин жетекчилигинин, кесиптештеринин жана жакындарынын катышуусунда Олег Заполькийди акыркы сапарга узатуу иш-чарасы өттү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы NazarNews маалымат агенттигине билдирди.

Аза күтүү иш-чарасында жетекчилери менен кесиптештери Олегди өз кесибинин мыктысы, ага кызматтык зарылчылыктар менен гана эмес, жеке маселелер менен кайрылганда дагы жардамын аябаган адам катары эскеришти. Кызмат өтөө учурунда, өзүн дайыма оң жагынан көрсөтө алган. Акыркы сапарга узатуу аскердик жөрөлгөлөр менен коштолду. Олег Викторовичти кесиптештери автоматтан  асманга ок атуу менен эскеришти.

Эске сала кетсек, 2020-жылдын 27-июнь күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын начальниги, милициянын подполковниги Запольский Олег Викторович каза болгон. 
Олег Запольский 1981-жылы Фрунзе шаарында туулган.   2014-жылы жеке ок атуучу курал менен сыйланган.

2017-жылы Олег Запольскийге милициянын подполковниги атайын наамы ыйгарылган. 2019-жылдын январь айынан баштап, Кыргыз Республикасынын БМЖКККнын башчысы болуп дайындалган. Өмүрүнүн бүткүл убактысы кызматына арналып, дайыма бардык күчү менен жоопкерчиликтүү кызмат өтөп келди. Биз аны жакшы сөздөр менен гана эскеребиз. Биздин эсибизде жоопкерчиликтүү, абийирдүү жана өз кесибинин мыкты жетекчиси катары калды.  Жакындары менен кошо терең кайгыруу менен аза күтөбүз. Олег Запольскийдин жаркын элеси биздин жүрөгүбүздө түбөлүк сакталат! Ал 39 жашында каза болгон. Анын артында жубайы менен эки баласы калды. 
Булак: NazarNews.kg

Последние новости