www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте эл аралык деңгээлдеги мода көргөзмөсү өтөт

20-ноябрда Бишкекте "Бурана" эл аралык мода жумалыгынын 7-сезону болот. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык. интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги жана министрликтин колдоосу менен уюштурулуп жаткан иш-чара Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында өтөт.

"Ага ата мекендик жана чет өлкөлүк дизайнерлер катышат. Burana Fashion — Кыргызстандын мода индустриясындагы эл аралык деңгээлдеги жалгыз платформа. Бүгүнкү күндө компания дүйнөдөгү 50дөй өлкөдөгү өнөктөштөрү менен иштешип жатат. Иш-чаранын максаты — жаш дизайнерлердин ишин илгерилетүү, салттуу жана заманбап моданы өнүктүрүү", - деп айтылат маалыматта.

Мода көргөзмөсү жекшемби күнү саат 16:00дө баштала турганы белигилүү болду.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости