www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын чок ортосунда жайгашкан "Эл эмне жейт" (Чүй жана Эркиндик проспектилеринин кесилишинде жайгашкан) тез татымынан шаурма жеген 11 адам ууланганы аныкталды. Бул туурасында Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору билдирди.

Маалыматка ылайык, массалык уулануу фактысы 5-майда катталган. Санэпид борборунун кызматкерлери тез татымды текшерип санитардык эрежелердин бузулганын аныктаган. Буга байланыштуу 13 миң сом айып салынып, кемчиликтерди жоюу боюнча жазуу түрүндөгү эскертүү берилген.

Ошондой эле тамакка уулануунун себебин аныктоо жана лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы чыкканга чейин аталган тез татым жабылганы айтылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости