www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Кыргызстан жашап жаткан Конституция авторитаризмдин Конституциясы», - деди бүгүн, 6-майда NazarNews маалымат агенттигине экс-депутат Асия Сасыкбаева.

- Асия Айтбаевна, Кыргызстан азыркы жашап жаткан Конституция менен өнүгө алабы?

- Кыргызстан жашап жаткан Конституция авторитаризмдин Конституциясы. Бул Конституция келечекте Кыргызстанды тоталитаризмге алып келет! Себеби, миллион адамдын тагдырын бир адамга байлап койдук.

Коркунучтуу система курулуп калары айдан ачык. Дүйнө жүзү кескин алмашууда. Айтайын дегеним, авторитардык жана президенттик системада жашап жаткан мамлекеттер парламентаризмге өтүүнү көздөп жатышат.

Коомдо адилеттүүлүк болбосо, стабилдүүлүк болбойт. Адилеттүүлүктү бийликтин тең салмактуулугу гана камсыз кыла алат.

Кыргыздар илгертен эркиндикти сүйгөн калк. Ошондуктан эч качан тоталитаризмге чыдап туруп бербейт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости