www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Армениянын борбору Ереванда Тоолуу Карабакка байланыштуу нааразылыкка чыккандар акцияны 6-майда да улантты. Оппозиция лидерлери жетектеген жүздөгөн адамдар борбор шаардын көчөлөрүндө жөө жүрүш өткөрүүдө.

Жума күнкү акцияларда кеминде 50дөй адам кармалды. Акция башталгандан бери жалпы 300дөй киши кармалып, бир бөлүгү кайра коё берилген.

Армениядагы нааразылыктардын башталганына эки аптадай болду. 2-майда акциялар күчөп, “баш ийбөө” формасына өткөн. Алар көчөлөрдөгү кесилиштерде отургучтарды, таштанды челектерин пайдаланып, баррикада жасап, жолдорду бууганга аракет кылып жатат. Бир нече жолу Тышкы иштер министрлигинин жана парламенттин имаратына да кирүүгө аракет кылышты. Полиция менен кагылышуу орун алды.

Нааразылык акциясы премьер-министр Никол Пашиняндын “эл аралык коомчулук армян тараптан Тоолуу Карабактын макамы боюнча талаптарын жумшартууну күтүп жатат” деген сөзүнөн кийин башталган. Оппозиция муну менен армян өкмөтү Тоолуу Карабак боюнча Азербайжандын шарттарына көндү деп жатат. Чогулгандар Пашиняндын кызматтан кетишин талап кылууда.

Эки өлкө ортосундагы Тоолуу Карабак аймагында мартта кайрадан тиреш катталган. Апрелде эки тарап Тоолуу Карабактагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча тынчтык келишимин иштеп чыгууну жана эки өлкөнүн ортосундагы чек араны демаркациялоо боюнча комиссия түзүүнү макулдашкан.

Армения менен Азербайжан 2020-жылы Тоолуу Карабак аймагын талашып, катуу кагылышкан. Армения тараптан 4 миңдей, Азербайжан тараптан 3 миңдей адам каза болгон. Бул жаңжалда Азербайжан Тоолуу Карабактагы мурда Армения көзөмөлдөп турган бир нече районду жана Шуша шаарын кайтарып алган.

Армения менен Азербайжан Тоолуу Карабакты талашып, алгач 1980-жылдары согушкан. Жикчил аймактагы 1988-1994-жылдардагы согушта 30 миңдей адам өлгөн, 100 миңден ашуун адам качкын болгон же жер которгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости