www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Соңку убакта Бишкек шаарында унаалардын көп агымы байкалып, анын айынан час-пик убагында чоң тыгындар пайда болууда. Унаа тыгындарын азайтуу максатында Бишкек шаарынын мэринин тапшырмасы менен “Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасы жол жээгине кошумча бир тилке кошуу менен кеңейтүү иштерин жүргүзүүдө. Курулуш иштери Ч. Айтматов-Горький көчөлөрү, Байтик-Баатыр-Масалиев көчөлөрүнүн кесилиши (Түштүк магистраль) да жолду кеңейтүү тизмесине киргизилген.

Белгилей кетсек, «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы 2022-жылга тротуарларды капиталдык оңдоонун титулдук тизмесине ылайык, Манас/Ч.Айтматов проспектиси Жибек-Жолу проспектисинен Ахунбаев көчөсүнө чейин өндүрүштүк планга киргизген. Учурда Л.Толстой көчөсүнөн баштап Ахунбаев көчөсүнө чейин асфальт төшөө үчүн бордюрларды орнотуу жана фундаментти даярдоо иштери жүрүп жатат. 

Ошондой эле жолдорго жана аялдамаларга бороон-чапкынды кабыл алуучу торлорду (ЖПР) орнотобуз.

Мындан тышкары, “Бишкекасфальтсервис” МИ борбор калаанын жолдорун оңдоп-түзөө иштерин улантууда.

Бишкек шаарынын мэриясы биздин ишибиздеги кемчиликтерди жана каталарды социалдык тармактар, мессенжерлер аркылуу ыкчам билдирүүлөрү үчүн шаардыктарга чын жүрөктөн ыраазычылык билдирет. Сиздердин аркаңыздар менен биз шаарыбызды жакшыртабыз!

Булак: Nazarnews.kg

Последние новости