www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекке электр энергиясы менен иштеген автобустар алынат

Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан инвесторлор менен мамлекеттик-жеке өнөктөштүк келишимди түзүү, жүргүнчүлөрдү ташуунун 30га жакын жаңы схемаларын ачуу боюнча долбоор иштелип чыкты. Муниципалитеттин маалымат кызматы кабарлагандай, жашоочулары көп аймактарда кошумча каттам линияларын ишке киргизүү жана ишкерлерге шарттарды түзүү, борборго инвестиция тартуу боюнча жигердүү иштерди улантууда.
--“Шаардык мэрия кеминде 75 жүргүнчүгө, ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды ташууга ылайыкташтырылган 350 газ же электр энергиясы менен жүрүүчү автобус менен инвесторлорду тартууну пландаштырууда”, — деп айтылат маалыматта.

Шаардык бийликтин маалыматына ылайык, бул чечим линияга орточо суткалык жолдо журүүнү 659 автобуска чейин көбөйтөт, жүргүнчүлөрдү ташуунун коопсуздугун жогорулатат. Борбордук көчөлөрдөгү тыгындарды азайтып, эскилиги жеткен кичи автобустарды жаңысына алмаштыруу менен автомобиль транспорту аркылуу булгоочу заттардын чыгуусын кыскартууну камсыз кылат.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө мэриянын «Бишкек жүргүнчүлѳр автотранспорттук ишканасы» муниципалдык ишканасы шаардыктарды 11 каттам боюнча тейлейт, алардын орточо суткалык чыгымы 135 бирдикке чейин жетет.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости