www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кытайда сот тогуз жаштагы Чен Манды өлүм жазасына тартылган атасынын карызын төлөөгө милдеттендирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.
Маалыматка ылайык, Чен Ман 2013-жылы аялын жана кайненесин өлтүргөнү үчүн дарга асылган. Кылмышка барардан бир аз мурун ал Хэнань провинциясындагы үйүн 84 миң долларга сатып, алган киши акчаны толугу менен төлөп берген.
Бир нече жылдан соң батири, акчасы жок калган киши компенсация алуу үчүн сотко кайрылган. Натыйжада сот Манды каза тапкан атасынын карызына жоопкер деп тапкан.
Томолой жетим акча бере албай калганда ага бир катар чектөөлөрдү коюшкан. Маселен, учакка отурууга, жогорку ылдамдыктагы поезд менен каттоого тыюу салышкан.
Сот кыздын үй-бүлөсүндөгү кайгыны эске алуу менен чечимин кайра карап чыгууга мажбур болгон. Жыйынтыгында ал кыздын «мураска» калган карызын жокко чыгарып, элден кечирим сураган.
Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg