www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте “Евразия” медиамектебинин тренинги өттү

2025-жылдын 3-апрелинде Бишкек шаарында журналисттер үчүн “Телевидениедеги маалымат журналистикасы: азыркы маалымат агымында кантип атаандашууга болот?” деген темада тренинг өттү. Бул тууралуу “NazarNews” маалымат агенттигине иш-чараны уюштуруучулар билдиришти.

Кыргызстандагы “Евразия” медиамектеби белгилүү россиялык журналисттер тарабынан уюштурулду:

Владимир Чернышев – НТВ телеканалынын жыйынтыктоочу программасынын алып баруучусу, Жогорку экономика мектебинин окутуучусу;

Антон Войцеховский – “Наука” телеканалынын журналисти жана алып баруучусу;

Константин Придыбайло – RT (Russia Today) каналында Россия, КМШ жана Балтия өлкөлөрүнө багытталган берүүлөрдүн атайын кабарчысы;

Алексей Дюков – медиаэксперт, YouTube платформасында 9 күмүш жана 1 алтын баскычтын ээси.

Тренинг учурунда россиялык адистер кыргызстандык кесиптештерине кадрда туура иштөө, текстти жеңил жана туура жазуу, сапаттуу видео тартуу, түз эфирлер жана стримдер менен иштөө боюнча кеңештерин беришти.

Тренингдин негизги темалары:

Кадрда иштөө боюнча практикалык кадамдар;

Стриминг кызмат көрсөтүүчү платформалар жана алар менен иштөө;

Суроолорго жооптор.

Последние новости