www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

23-ноябрга караган түнү Бишкекте мушташ орун алып, бир нече адам жаракат алды. Бул тууралуу Ленин РИИБдин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, окуя Алыкулов жана Өмүракунов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Милиция шектүүлөр мушташ учурунда кайчы жана айнектин сыныгын колдонушканын аныктаган.

Жаңжалга катышкан 1990-жылы туулган М.Б., 1990-жылы туулган О.С., 1990-жылы туулган К.Н., 1991-жылы туулган Т.У. аттуу жарандар кармалган.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) менен кылмыш иши козголуп, тийиштүү экспертизалар дайындалган.

Кармалгандардын үчөө убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Последние новости