www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын кызматтык унаасы жол кырсыгына кабылып, оодарылып кетти. 

Окуя тууралуу кайгуул кызматы маалымат берип, жол кырсык Hyundai унаасынын айдоочусунун жол эреже бузгандыгынан улам болгонун билдирди. Жол кырсыгы Медеров менен Мавлянов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

Аталган башкармалыктан билдиришкендей, Hyundai артта келе жаткан кайгуул кызматынын унаасын өткөрбөй, күтүүсүз жерден солго бурулууга аракет кылган. Натыйжада кайгуул кызматкери рулду башкара албай, унаа оодарылып кеткен.

"Жол кырсыгында жаракат алгандар жок. Бул жол кырсыгы боюнчакызматтык териштирүү иштери башталды", — деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости