www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

11-15-сентябрда Кыргызстандын аймагында баңгизатка каршы эл аралык "Канал-Перехват" операциясы жүргүзүлдү. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган операцияга 2240 укук коргоо кызматкерлери тартылган. Аталган операциясынын жүрүшүндө өлкө аймагында 24 баңгикылмышы катталып, 26 адам кармалган. Мыйзамсыз жүгүртүүдөн 68 килограмм 640 грамм баңги каражаттары жана психотроптук заттардын бардык түрлөрү алынды:

- 32 килограмм 210 гр гашиш;

- 31 килограмм 340гр марихуана;

- синтетикалык баңгизаттар: альфа PVP, мефедрон, 4кг 247гр- MDMA экстазы.

Операциянын жүрүшүндө баңгикылмыштары боюнча издөөдө жүргөн 2 адам кармалып, 5 ок атуучу курал алынган.

Бул аралыкта республика боюнча учкучсуз учуучу апараттардын комплекстерин пайдалануу менен 16 ыкчам иш-чара жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы боюнча Баткен облусунда баңги топтун ишмердигине бөгөт коюлуп, салмагы 2 килограмм 105 гр болгон афган түспөлүндөгү “гашиш” баңги каражаты менен активдүү мүчөсү кармалган.

Белгилей кетсек, кызматтык издөө иттерин пайдалануу менен Кыргызстандын аймагына баңгикаражаттардын жана психотроптук заттардын мыйзамсыз ташылып кирүү каналдарын аныктоо жана бөгөт коюу максатында республиканын автожол-өткөрүү пункттарында 100дөн ашык автотранспорт каражаттары (Фура), ошондой эле мамлекеттик чек арадан өтүүчү башка автотранспорт каражаттары текшерилип чыккан.

Булак: NazarNews.kg 

 

Последние новости