www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте кайрадан массалык тамак-аштан уулануу фактысы катталды. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдирди.
Алдын ала маалыматтарга ылайык, 13 адам медициналык жардамга кайрылган. Алардын 11 ооруканага жаткырылып, экөө амбулатордук дарыланууга алынды.
Учурда бардык жабырлануучулар зарыл болгон медициналык жардамды алып жатышат.
Алдын ала иликтөөлөр көрсөткөндөй, ууланган адамдар «Буффет» кафетериясында даярдалган тамак-ашты жешкен.
Санитардык-эпидемиологиялык кызматтын адистери мекемени пландан тышкаркы текшерүүдөн өткөрүп, лабораториялык текшерүү үчүн продукциянын үлгүлөрүн алышкан.
Аныкталган эреже бузуулар боюнча протокол түзүлдү. 23 миң сом айып пул салынып, кафетериянын ишин 11-марттан баштап убактылуу токтотуу жөнүндө буйрук чыгарылды.
Эпидемиологиялык иликтөө уланууда.