www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин депутаты Улан Примов мамлекеттик ипотекалык үйлөрдүн курулуп жатканы жакшы жөрөлгө экенин белгилеп, бул багыттагы иштер үчүн президентке ыраазычылык билдирди.
Анын айтымында, Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу жүзөгө ашырылып жаткан турак жай курулушу өлкө үчүн чоң долбоор болуп саналат.
«Бул чындыгында чоң иш-чара. Курулуп жаткан үйлөрдү эл чыдамсыздык менен күтүп жатат. Аймактарда да Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу үйлөрдүн курулушун суранып жатышат. Бүгүнкү күндө миңдеген үй-бүлөлөр турак жайлуу болушту. Бул жакшы жышаан. Ошондуктан бул курулуштар аймактарда дагы көбүрөөк жүргүзүлсө жакшы болмок», — деди Улан Примов.
Өз кезегинде президент Садыр Жапаров мурда Мамлекеттик ипотекалык компания банк сыяктуу иштеп калганын белгилеп, учурда анын ишмердүүлүгү ылайыктуу шарттарга өткөрүлүп жатканын айтты.
Президент ошондой эле бул компания узак мөөнөттүү негизде иш алып бара турган туруктуу система болорун кошумчалады.