www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 11-мартта Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы Спорттун олимпиадалык оюн түрлөрү жана спорттук-массалык иш-чараларды өткөрүү боюнча “Жаштык” дирекциясына жаңы директор болуп Келдибек Бакиров дайындалды.

Жаңы жетекчини жамаатка Агенттиктин спорттун жогорку жетишкендиктерин талдоо жана өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Кубаныч Эрмеков тааныштырып, ага мындан аркы ишинде ийгиликтерди, алдыга коюлган милдеттерди ийгиликтүү ишке ашырууну жана ата мекендик спортту өнүктүрүүгө багытталган натыйжалуу ишмердүүлүктү каалады.

Келдибек Бакиров бул кызматка үч айлык сыноо мөөнөтү менен дайындалып, бүгүнтөн тартып кызматтык милдеттерин аткарууга киришти.

Маалымат үчүн:

Келдибек Бакиров 2013–2017-жылдары Б.Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясында машыктыруучулук факультетинде “машыктыруучу-окутуучу” адистиги боюнча билим алган;

Эмгек жолун 2017-жылы Түп балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинде грек-рим күрөшү боюнча машыктыруучу болуп баштап, 2020-жылга чейин эмгектенген;

2020–2022-жылдары Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекцисында методист кызматын аркалаган;

2022–2023-жылдары “Тайманбас” адистештирилген балдар-өспүрүмдөрдүн олимпиадалык резервдеги спорт мектебинин директорунун орун басары болуп иштеген;

2023–2024-жылдары Спорттун олимпиадалык оюн түрлөрү жана спорттук-массалык иш-чараларды өткөрүү боюнча “Жаштык” дирекциясында методист болуп эмгектенген;

2024–2025-жылдары Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекцисында директордун орун басары кызматын ээлеген;

2025-жылдын июль айынан тартып ушул убакка чейин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы “Спорттук курулмалар жана спорттук камсыздоо башкармалыгы” мамлекеттик мекемесинин директорунун орун басары кызматын аркалап келген.

Последние новости