www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте түн ичинде жол кырсыгы катталып, 2 киши жаракат алды. Патрулдук милициянын басма сөз кызматынан жол кырсыгы 6-сентябрга караган түнү болжол менен саат 00:30 чамасында орун алганын маалымдады.

"Тыныстанов менен Жумабеков көчөлөрүнүн кесилишинде Хонда Фит жана Мерседес үлгүсүндөгү унааларынын катышуусунда автокырсык катталды. Анын кесепетинен Мерседес үлгүсүндөгү унаанын 2 жүргүнчүсү жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Азыркы учурда жол кыймылынын келип чыгуу себеби такталууда", - деп билдиришти мекеменин маалымат кызматынан.
 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости