www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ошто Кең-Сай массивинде чыккан өрт өчүрүлө элек

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, Ош шаарындагы Кең-Сай конушунда 6-сентябрь кечинде чыккан өрт кечки саат тогуз жарымда чектөөгө алынды. Алдын ала маалыматтар боюнча жабыркагандар жок.

ӨКМге айылда жайгашкан кездеме ишканасынын имаратынан өрт чыкканы тууралуу кабар түшкөн. Учурда ӨКМден жети бөлүм, бир авто шаты, 10 куткаруучу, ыкчам штаб, кризистик кырдаалдарды башкаруу борборунун ыкчам тобу жана бир суу ташуучу унаа тартылган.

Мындан сырткары Суу чарба башкармалыгынан бир суу ташуучу унаасы өрт өчүрүүгө көмөктөшүүдө. Шаардык милициядан да ыкчам топ жөнөп кеткенин билдиришти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости