www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте каттамга чыккан кичи автобустардын саны 30%га кыскарды. Бул тууралуу Шаардык транспорт башкармалыгынын башчысы Нурлан Атыканов билдирди.
Анын билдиргенине таянсак, 30%га кыскаргандыгынын себеб мектеп жана окуу жайлар карантинге жабылып, жүргүнчүлөрдүн агымы кыскарды. Бул кадимки эле көрүнүш. Ал эми Бишкек шаарында кичи автобустардын ишин толугу менен токтотуу боюнча суроого азырынча өкмөттөн мындай тапшырма түшпөгөнүн айтып жооп берди.
Белгилей кетсек, учурда Кыргызстанда жайылып жаткан коронавируска байланыштуу бүгүн, 20-марттан тартып Ош шаарындагы коомдук транспорт токтотулду.
Эске сала кетсек, Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 6 га жетти. Коронавирус боюнча алгачкы 3 учур 18-мартта жарыяланган. Алар да Сауд Арабиядан кичи ажылык сапардан келген Сузактын тургундар болсо, экинчи учур бүгүн, 20-мартта Ош облусунун Ноокат районунун жашоочуларынан аныкталды. Аларда кичи ажылык сапардан кайтып келишкен.
Булак: NazarNews.kg