www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 20-мартта өткөн басма сөз жыйынында Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев коронавируска каршы дары тууралуу социалдык тармактар аркылуу тарап аткан маалыматтарга ишенбөөгө чакырды.

Ошондой эле, министр дары-дармектерди дарыгердин гана кеңеши менен колдонуу туура экенин белгиледи.

“Министр, фармацевт катары сиздерге кайрылам. Санитардык шарттарды аткарып, убагында тамак ичип, иммунитетти кармап тургула. Ал эми дарыны ооруганда гана ичиш керек. Оорубай туруп ар кандай дары ичкендин пайдасы жок, зыяны болушу мүмкүн. Дарыны дарыгердин гана кеңеши менен ичкиле!”​- деди Чолпонбаев.

Белгилей кетсек, министр брифингдин башталышында Ош облусунун Ноокат районунда умрадан келген дагы 3 адамдан коронавирус аныкталды деп билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости