www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сентябрда Бишкек шаарында КМШ өлкөлөрүнүн мамлекеттик жана коомдук телерадиоуюмдарынын жетекчилеринин саммити болот. Саммитке Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Молдова, Россия, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Украинанын телекомпанияларынын жетекчилери катышаары күтүлөт.

Эрежеге ылайык бул иш-чараны КТРК уюштурат, коноктор 31-августтан 3-сентябрга чейин болушат, иш-чараны эс алуу менен айкалыштырып, Көчмөндөр оюндарынын ачлыш аземине да катышып кетишет. Саммиттин катышуучуларын транспорттук ташууга кеткен чыгымы 132 миң сомду түзөт. Транспорттук маршруттун схемасы: “Манас” аэропорту-Бишкек-Чолпон-Ата-Мейманкана-Атмайдан-Мйманкана-“Кырчын” жайлоосу-Чолпон-Ата-“Манас” аэропорту.

КМШ өлкөлөрүнүн мамлекеттик жана коомдук телерадиоуюмдарынын жетекчилеринин кеңеши 2007-жылы түзүлгөн. Кеңеш КМШнын ишмердигин маалыматтык чагылдырууну уюштурат. Былтыркы саммит Ереванда өткөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости