www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Октябрь райондук милициясы ири алдамчылык боюнча иликтөө ишин жүгүзүп жатат. ИИБнен кабарлашкандай, борбор калаанын тургундары алардын акча каражаттарын алдамчылык жол менен алып алышкан жеке компаниянын жетекчилерине чара көрүү өтүнүчү менен кайрылышкан.

Арызда 2015-жылы турак үйдү курууга үлүштүк катышуу жөнүндө 34 миң доллардан ашуун каражатка келишим түзүшкөн, 2018-жылдын мартында компаниянын жетекчилиги арыздануучунун батирин анын макулдугусуз үчүнчү бирөөлөргө сатып жиберишкен.

Башка бир жарандын арызында компания жетекчилиги 2017-жылдын декабрында аны менен турак үй курууга үлүштүк катышуу боюнча келишим түзүп, 31 миң долларын алып алганы менен, милдеттерин аткарган эмес.

Түшкөн арыздардын негизинде Октябрь райондук ИИБинин тергөө кызматы 2018-жылдын 9-августунда Кылмыш кодексинин 166-беренеси (“Алдамчылык”) менен кылмыш ишин козгошту.

Анын негизинде 15-августта Казакстан Республикасынын жараны Альянов Максим кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. 16-августта Октябрь райондук сотунун чечими менен М.Альянов эки айга камакка алынды.

Тергөөнүн билдиришинче, Максим Альяновдун мурда кылмыш жоопкерчилигине тартылган жана КР КК 353-беренеси (“Самоуправство”) менен соттолгон. Альяновдон жабыркагандар болсо милицияга кайрылышса болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости