www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте Кой-Таш окуясы боюнча соттук иш кайрадан жылдырылды. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун өндүрүшүндө А.Ш.Атамбаев, Ф.А.Ниязов, И.Ю.Карамушкина, А.С.Кодуранова, Р.Б.Джеенбеков, М.Дж.Мискенбаев, К.А.Жолдубаева, К.Р.Сагымбаев, М.Т.Шаменов, Р.Карыпбек уулу, Ф.Ж.Баабиев, К.А.Осмоналиев жана Н.Капарбек уулун айыптоо боюнча жазык иши каралууда.

Айыпталуучулардын алынып келинбегендигине жана жактоочулардын келбегендигине байланыштуу, бүгүнкү соттук териштирүү 8-июль саат 10:00гө жылдырылды.

Белгилей кетсек, сот жараяны 3-июлга белгиленип, бирок болбой калган.

Буга айыпталып жаткандардын кызыкчылыгын коргогон айрым адвокаттардын ооруга байланыштуу келбей калганы себеп болгон.

Кой-Таш окуясында каза болгон УКМКнын атайын бөлүгүнүн жетекчисинин орун басары Үсөнбек Ниязбековдун үй-бүлөсүнүн кызыкчылыктарын сотто коргоп келген адвокат Кайрат Загибаев 2-июлда пневмониядан кайтыш болгон.

Буга чейинки жараянда мамлекеттик айыптоочу соттолуучуларга айыбын угуза баштаган.

Эске сала кетсек, 2019-жылы 7-8-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) жана Ички иштер министрлиги (ИИМ) Чүйдүн Кой-Таш айылында суракка келүүдөн баш тарткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын жүргүзгөн. Анда бир офицер курман болуп, 200дөн ашуун адам жабыркаган.

Окуяга байланыштуу козголгон кылмыш ишин тергеген ИИМдин Тергөө кызматы мурдагы президент Атамбаев баштаган 19 адамга айып койгон. Алардын ичинен 14 айыпталуучунун иши сотко өткөн. Калган беш адамдын иши тергөө менен кызматташууга макул болгону үчүн өзүнчө тергелип жатат.

Сотко иши өткөн 14 айыпталуучунун ичинен Алмазбек Атамбаев УКМКнын, Фарид Ниязов, Равшан Жээнбеков, Мээрбек Мискенбаев, Канат Сагымбаев, Фархат Баабиев, Канат Осмоналиев ИИМдин убактылуу кармоочу жайларында камакта.

Парламент депутаттары Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова, Атамбаевди колдогон КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева - үй камагында. Окуя боюнча ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановго байланыштуу соттук иш да өзүнчө өтүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости