www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиянын Оренбург облусундагы Соль-Илецк шаарынан кыргызстандык жүргүнчүлөрү менен 20 автобус 6-июлда Бишкекке келди. Бул автобустар менен 963 кыргызстандык жаран мекенине келди. Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, дагы 12 автобустан турган колонна Казакстанда келе жатат. Ал автобустарда 533 кыргызстандык бар. Колоннаны Казакстандын полициясы коштоп келатат.

Оренбург облусундагы орус-казак чек арасында Кыргызстанга келе албай турган элди кайтаруу тууралуу Казакстандын бийлиги менен коридор ачуу тууралуу сүйлөшүү жүргүзүлгөн.

ТИМ Россияда жүргөн кыргызстандыктарды орус-казак чек арасы ачылмайынча ал жакка барбоого үндөөдө.

"Чек арада кыргызстандыктардын топтолушунун алдын алыш үчүн атайын Москвадан, Новосибирскиден жана Екатеринбургдан чартердик каттамдарды көбөйттүк", - деп министрликтен билдиришти.

Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин маалыматына караганда, ушуну менен пандемия жарыялангандан бери Россиядан Кыргызстандын жарандары 60ка жакын чартердик учак жана Казакстандын аймагы аркылуу Оренбург облусунан 40 автобус менен келди.

6-июлга карата Орусиядан жалпы 14 миңден ашуун адам Кыргызстанга алынып келген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости