www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуу Британиядагы Кыргызстандын толук жана ыйгарымдуу элчиси Эдил Байсалов өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына миңдеген кыргызстандык эмне үчүн коронавирус оорусуна чалдыгып калганынын себебин жазып чыкты.

"Мекенибизди кара булут айланып турганда унчукпай коё албайт экенсиң. Жакындарыма телефондон айткан кеңештеримди жалпы окурмандарым менен бөлүшүүнү эп көрдүм.

Айтып коюу керек, мен, врач же башка бир адис эмесмин. Бул менин жеке пикирим. Өзүңөр билгиле!

Пандемиянын өрттөй катуу күйүп, башкалаабызда миңдеген кыргызстандык ооруга чалдыгып калганынын бирден-бир СЕБЕБИ: тесттерге ишенип туруп алгандыгыбызда. АЗЫРКЫ ООРУНУН БААРЫ БУЛ - КОРОНАВИРУС!

Мына он чакты күн мурун белгилүү эле журналист, ырчы жана депутаттарыбыз: "Кудайга шүгүр, меники таза чыкты, "COVID" эмес экен, грипп болуп эле аткан турбайымбы" деп пост жазышып, "сүйүнчүлөп" жатканы эсибизде. Бир канча аткаминерлерибиз "таза чыктык" деп башкаларга жугузуп жүрүштү. Азыр деле арабызда "меники грипп эле" дегендер бар!

Азыркы учурда тесттен өтүүнүн мааниси да, пайдасы да жок.

Минималдуу симптом болсо - эч кандай тест тапшырбастан, жок эле дегенде ЭКИ ЖУМА - жалпы үй-бүлөңөр менен, алар ооруйбу, оорубайбы - үйдөн чыкпай, изоляцияда жатыш керек, жанагы жөнөкөй, гриппке каршы пайдаланчу дарыларды ичип, уйкуну кандырып, эс алып, тердеп. Элибизди, жерибизди сүйсөк, калгандарга жуктурбоо үчүн - жок эле дегенде эки жума чыкпаш керек!

Мындан тышкары, кечээ, мен, пульмонолог-врач жазган постту бөлүшкөндө айтылган этапта ар кандай капельница куйдуруу, антибиотик сайдыруунун эч кандай кереги жок!!! 

Англия жана башка батыш мамлекеттери бул эпидемиянын биринчи толкунун жазында көрбөдүкпү. Британияда үч айдын ичинде 65 миң киши коронавирустан өлдү деп айтылууда. Азыр миңдеген окумуштуулар изилдеп жатышат.

Айта кетүүчү жагдай, өнөкөт оорулуу жана улгайгандардан тышкары, эмне себептен кээ бир жаш жана дени сактар оорудан бир канча күн сасык тумоолоп оңой эле чыгып, бир канчалары катуу ооруп жана пневмонияга чалдыгып калгандарынын себеби азыр илимпоздорго белгисиз бойдон калууда. Башка сөз менен айтканда - азырынча, БУЛ ООРУ ЛОТОРЕЯ ЭКЕН!

Байкашымча, элибиз коркконунан сасык тумоологон күнү эле эң көп дары-дармек сатып алышып, көрүнгөн дарынын баарын сайдыртып, жанагы Бишкекте "дневной стационар" ошол жерден ковидке каршы дары берет деген үмүттө барып атышат. Ковидке каршы дары жок бүгүнкү күнү! Бул оору 85-90 пайыз эл үчүн жөнөкөй грипп сыяктуу эле өтүп кетет экен. Калгандары жанагы катуу ооруп, өпкөсүнө суу толуп, дем ала албай, кычкылтек аппараттарына муктаж болушат экен.

Азыркы учурда эң негизги максат - жакындарыбызды сактап калуу жана илдетти токтотуу. Өкмөттүн буйругун күтпөстөн, ар бирибиз үй-бүлөбүздүн, өзүбүздүн сактыгыбызды камсыз кылышыбыз милдет. Эң негизги жол, бул - толугу менен үйдөн чыкпай, короону бекитип отуруу. Өзгөчө улгайган жаштагы жана өнөкөт оорулуу туугандарга тийиштүү. Аларды дагы өзүнчө бөлмөгө бөлүп, чогуу турган балдарыбызды да жолотпой, өзүбүз дагы алыстан сүйлөшүп, өзүнчө тамактанганыбыз дагы оң. Сырттан эч кимди киргизбей, киргизген күндө дагы короодон алыстан сүйлөшүп кетирмей. Медик же, башка, сөзсүз жумушка чыкчу бир кызматкерибиз болсо - аларды колдон келишинче бул вирус токтогончо башка жерге бөлүү.

Той-топурду гана эмес, азыр жамандыкка да топтолбошубуз керек. Өлгөндөрдү ошол айылда турган жакын гана туугандары көмсүн. Муруңкудай боз үй тигип, жүздөгөн киши чогулуп, жылкы союуну да токтотушубуз керек. Азыр ЭПИДЕМИЯ!

Англияда баласы өлсө, ата-энесине көмгөнгө катышууга уруксат берилбей жатты. Биздегидей куда-сөөк, классташ, тааныштын баары чогулуп, ошол чогулган жеринен жуктуруп, өлгөн жерден дагы бир канча өлүмгө себепкер болууга даярбызбы?

Ар кандай салт-шарттарды бир жылга жылдырып, ашы менен кошо берели. Аны муфтиятыбыз атайын айтышып, фатва чыгарышты. Коңшу айылда тууган-катышыбыз жерге көмүлүп атса - ал жакка барууга тыюу салышыбыз керек! Шаардан айылга, айылдан шаарга жолго чыгууну, айылчылоону (мекенибизди, элибизди сүйсөк) азыр толугу менен токтотушубуз керек. Эң биринчи биздин элеттеги жердештерди ойлонолу! Алар, эң чоң коркунучта!

Сөздү көбөйтпөй турайын. Бул илдеттен эки жылдын ичинде беш миңден кырк миңге чейин кыргыз өлө турганын март айында өкмөткө жазганым эсимде. Ошондо сездим эле, "бул эмне коркутуп, дүрбөтүп атат" дегендей мамиле кылышкан. Эми мына, биздин башыбызга апаат келди. Сактанганды сактайт дегендей, кайдыгер мамиле кылбай, акыл менен иш кылалы! Аягына чейин берилүү менен, шашылыш, таң атпай жазгандарымды окуп, таанышканыңыз үчүн ыракмат. Сак болуңуздар!", - деп жазган Эдил Байсалов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости