www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын тергөө бөлүмү тарабынан мурдагы саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев суракка чакырылды. Бул тууралуу аталган  мекемеден билдирди.

Маалыматка ылайык, экс-министр 2020-жылдын март айында КЖБРге катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында чакырылган. Анда саламаттык сактоо министрлигинин кызмат адамдарына коррупция фактысы боюнча жана жеке фармацевтикалык компаниялардын кызыкчылыктарын лоббилөө боюнча соттук териштирүү башталган. Учурда бул иш тергелип жатат.

Эске сала кетсек, Космосбек Чолпонбаев 2018-жылы 20-апрелде саламаттык сактоо министри болуп дайындалган. Быйыл коронавирустун алдын алуу иштерин чабал аткарганы үчүн президент Сооронбай Жээнбековдон тил угуп, 1-апрелде кызматтан алынган.

Коопсуздук кеңешинин чечимине ылайык, январь айында вирусологдор менен лаборанттар Чолпонбаевге COVID-19 жуктургандарды аныктоо жана анализдерин чыгаруу үчүн тест-системаларды алуу зарылдыгын айтып, бир нече жолу кайрылышкан. Бирок алардын сунуштары этибарга алынган эмес. Мунун кесепетинен лабораторияларды керек болгон материалдар менен камсыздоо түйшүк жараткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости