www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мэрия Бишкек шаарындагы компьютердик клубдардын ишин жандантуу маселесин карап жатат. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматы кабарлады.
Шарт боюнча кардарлар клубга толуп албай, жарымынан гана орун алышы керек. Санитардык эрежелер так сакталууга тийиш.
Мэрия сабак убагында окуучуларды киргизген компьютердик клубдарды тез арада жаап саларын эскертти. Белгилей кетсек, мектеп окуучулары дагы деле аралыктан билим алууда.
Жазында коронавирустан улам өзгөчө абал киргизилгенде компьютердик клубдардын ишине дагы тыюу салынган эле.
Эске салсак, буга чейин Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев ишкердик тууралуу сөз кылып жатып, ордо калаада коронавируска байланыштуу чектөөлөр бара-бара алынарын убадалаган эле. 1-декабрдан тарта кинотеатрларды, театрларды ачуу пландалып жатат, ошондой эле супермаркеттердин күнү-түнү иштешине уруксат берүү каралууда.
Булак: NazarNews.kg