www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте көмүрдүн кору жетиштүүбү?

Бишкекте көмүрдүн кору жетиштүү. 2021-жылдын 10-октябрына карата базаларда 2 миң тоннадан ашык казак жана жергиликтүү көмүр бар. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, көмүрдүн тоннасы орто эсеп менен 4500 сомдон сатылууда. Катуу отунду алып келүү күн сайын жүргүзүлөт.

Буга чейин тоннасын 4500 сомдон ашпаган деңгээлде кармап туруу максатында Бишкек мэриясы мамлекеттик жөнгө салуу мүмкүнчүлүгүн берүү үчүн Экономика жана каржы министрлигине кат жөнөткөн. Биргелешкен аракеттер аркылуу көмүр баасынын жеке көмүр ташуучулар тарабынан негизсиз өсүшүн басууга мүмкүн болду. Ошондой эле, көмүр баасынын негизсиз өсүшүнө жол бербөө үчүн алдын алуу чараларын көрүү үчүн укук коргоо органдарына тиешелүү тапшырма берилди.

Бишкек мэриясы тарабынан күн сайын көмүрдүн баасына мониторинг жана контролдоо жүргүзүлүп, оперативдүү маалымат жарыяланат. Эскерте кетсек, Бишкек шаарынын аймагында 6 отун базасы жана 7 стационардык пункт иштейт. Жакында шаар конуштарында 35 стационардык түйүн ачылат.

Ленин районунда төрт отун базасы бар:

- "Ак-Жол" ЖЧКсы (Мурманск көч. №1а), Шабыркүл көмүрү сатылат, тоннасына 4500 сом. Көмүрдүн 8 вагон (540 тонна) көлөмүндөгү кезектеги партия 9-октябрда келген.;

- "Кара-Жыра "ЖЧКсы (Мурманск көч. 59а)," Кара-Жыра "көмүрү сатылат, тоннасы 4500 сом;

- "Береке" ЖЧКсы (Мурманск көч. №259), бул жерде "Кара – Кече" көмүрүн алууга болот, тоннасы -4500 сом.

- "Беш-Сары" ЖЧКсында (Мурманск көч. №186), шаардыктар "Кара – Кече" көмүрүн ала алышат, тоннасына 4500 сом.

Октябрь районунда:

- "Торг-Синтез" ЖЧК ("Төкөлдөш" конушу, "Аламүдүн" станциясында) "Кара-Жыра" көмүрү сатылат, 1 тонна 4500 сомго туура келет. Кезектеги партия 9-октябрда 7 вагон (480 тонна) алынып келинген.

Свердлов районунда:

- "Восход и К" ЖЧКсында (Достоевский көч. №1) "Шабыркуль" көмүрүн тоннасына 4500 алууга болот. 1 миң тоннадан ашык көмүр бар.

Көмүр сатуу боюнча стационардык жайларда катуу отун мүшөктөргө сатылат. Шаардыктар "Кара-Кече" көмүр мүшөгүн 200дөн 280 сомго чейин сатып алса болот.

Ленин району боюнча:

- Пушкин көчөсү, №182;

- Гагарин көчөсү, №67;

- Баррикадный кыска көчөсү, № 2.

Свердлов району:

- "Учкун" конушу;

- Саадаев жана Орозбеков көчөлөрүнүн кесилиши;

- "Келечек" конушу;

- "Ак-Бата" конушу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости