www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Талас шаарындагы Kerben Palaсe мейманканасында тополоң салган жаран кармалып, тергөө кызматына өткөрүп берилди. Бул тууралуу облустук милиция кабарлайт. Билдирүүгө ылайык, Талас шаардык ички иштер бөлүмүнө 11-октябрга караган түнү 04:30дар чамасында чакыруу түшкөн.

«Ыкчам-тергөө тобу барганда О.С. аттуу 38 жаштагы киши мас болуп, мейманкананын эшиктерин сындырып, чатак салып жатканы аныкталган. Мындан сырткары, ал - сыртта токтоп турган Volkswagen Polo жана Nissan үлгүсүндөгү эки автоунаанын терезелерин сындырган.

Кылмышка шектүү шаардык милиция бөлүмүнө алып келинип, сурак берип жатат. Ал мындай ишке эмне себептен барганы белгисиз», — деп айтылат маалыматта. Ошондой эле, ал Талас шаарынын тургуну экени жана эч жерде иштебегени белгиленет. «Шектүү милицияда иштеген» деген маалымат да жалган болуп чыкты.

Аталган факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү тизмесине бейбаштык беренеси менен катталган. Окуянын бардык жагдайлары такталууда. Эске салсак, буга чейин Талас шаарынын чок ортосунда жайгашкан мейманканага белгисиз киши кол салып, конокторду сыртка кууп чыкканы айтылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости