www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тез жардамдын айдоочусун сабап салышты. Милиция эмне дейт?

Бишкекте тез жардам кызматынын айдоочусу чакыруу боюнча баргангда, ал жерде сабоого алынган. Ал азыр мээси чайкалып, ооруканада жатат. Бул окуя тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Бул факты боюнча тез жардам кызматынын айдоочусу Н.М. жазуу түрүндөгү арыз менен кайрылган. Аны бейтаптын күйөөсү себепсиз сабаганы, тез жардам тобу кечигип келгенин шылтоолоп, уят сөздөрдү айтканын жазган. Андан кийин белгисиз тарапка кош бойлуу аялы менен кеткен.

Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 119-беренеси "Майда бейбаштык" боюнча катталган. Бардык керектүү экспертизалар дайындалды. Учурда тергөө иштери уланууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости