www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Роспотребнадзордун эксперттери Кытайдан келген тез даярдалчу кесмеден (кукси), жүгөрүдөн жасалган чипсыдан жана башка бир нече азыктан тыюу салынган компоненттерди тапты. Мындан улам товарларды Орусиянын аймагына киргизүүгө убактылуу тыюу салынды, деп жазат РИА Новости.

Мындан сырткары, жүгөрүдөн жасалган мвермишелдин, шоколад креминен жасалган жумуртка десертинин жана ичинде сюрприз-оюнчугу бар токочтун импортуна да чектөө киргизилди. Бул азыктардын курамынан генетикасы өзгөртүлгөн (ГМО) жүгөрү менен соянын ДНКсы (0,9 пайыз) табылган. Ал эми кээ бир үлгүлөрдө ГМОнун курамы нормадан беш эсе көп болуп чыккан.

«Продукциялардын сыртында азыктын курамында бул компоненттер бар экени жазылган эмес», — деп айтылат маалыматта. Мекеме атайын буйрук чыкканга чейин бул азыктарды импорттоого чектөө койду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости