www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 3-августтан баштап экономикалык туруктуулукту камсыз кылуу үчүн Бишкек шаарындагы айрым чарбалык субъекттердин жана коомдук транспорттордун иштөө убактысы узартылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шаардагы жүргүнчүлөрдү ташуучу транспорттор (автобустар, троллейбустар, маршурттук таксилер) эртең мененки саат 07:00дон 11ге чейин жана 14:00дон кечки 23:00го чейин иштейт. Дем алыш күндөрү милдеттүү түрдө дезинфекцияланып, коомдук транспорт иштебейт.

Аянты 100 чарчы метрден ашык болгон соода борборлору, супермаркеттер, комплекстер, соода түйүндөрү күн сайын эртең мененки саат 07:00дон 00:00го чейин иштейт.

Кафелер жана ресторандар, ошондой эле башка тамак-аш соода түйүндөрү эртең мененки саат 07:00дон кечки 22:00го чейин иштешет. Ал эми тамак-аш жеткирүү кызматтары санитардык нормаларды так сактап, күнү-түнү иштей берсе болот.

Шаардагы базарлар мурдагыдай эле иштешет - күн сайын саат 09:00дон кечки 17:00го чейин.

Тийиштүү буйрукка борбор калаанын мэри Азиз Суракматов кол койду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости