www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кадамжай районунун Марказ айыл өкмөтүнүн тургундары таза суу жана сугат сууга муктаждык жаралып калышы мүмкүн экенин айтып, кабатыр болуп жатышат. Бул тууралуу "Turmush" басылмасы жазып чыкты.

Марказ айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Ислам Исмаиловдун айтымында, Исфайрам дарыясы бейтарап жерде агат. Ал Майдан айыл өкмөтүнөн агып келип, Өзбекстанга кирип, кайра Кыргызстанга чыгып, кайра Өзбекстанга агып кетет.

«Интернеттеги видео боюнча айтсам, Өзбекстан тарап эмне курулуш баштаганы жана анын максаты бизге азырынча белгисиз. Учурда тактоо үчүн тиешелүү бийлик өкүлдөрүнө кайрылганбыз. Жыйынтыгын күтүүдөбүз. Кыргызстандын суусу Өзбекстанга кирип, ошол жерден бизге суу бөлүнүп берилет. Жыл сайын эле май, июнь айларында аталган каналга суу келбейт. Анткени сууну Өзбекстан колдонот. Кечээки видеодон кийин эл дагы өздөрү акча топтоп, дарыянын суусу Өзбекстанга кире элек жерден жаңы канал куруп, суунун нугун Кыргызстан тарапка буруп кетүү үчүн каражат топтоп башташты. Бирок андай иштер үчүн өтө көп каражат кетет. Эгер Өзбекстан каналдагы сууну өздөрүнө буруп кетсе, Кадамжайдын Марказ, Майдан айыл өкмөтүнүн 20 миңден ашуун калкы суусуз калат. Таза суу маселеси чечиле элек. Сугат сууга да, таза сууга да дарыядан келген сууну пайдаланабыз», - деди Ислам Исмаилов.

Белгилей кетсек, социалдык тармактарга кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасындагы Исфайрам дарыясынын жанында Өзбекстан тарап жаңы каналдын курулушун баштаган видео тарады. Видео Өзбекстан жана Кыргызстандын ортосундагы бейтараптуу делген жерде тартылган. Ал жерде коңшу өлкө чоң каналдын курулушун баштап, Исфайрам дарыясынын нугун буруп кетүү аракети көрүлүп жаткандыгы айтылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости