www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте Кыргызстандын коргоо министри Руслан Мукамбетов менен Кытайдын коргоо министри Дун Цзюндун жолугушуусу өттү.

Коргоо министрлигинен билдиришкендей, Руслан Мукамбетов Кытай делегациясына келгендиги үчүн ыраазычылык билдирип, бул сапар кыргыз-кытай аскердик жана аскердик-техникалык кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүдө маанилүү экенин белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар аскердик жана аскердик-техникалык чөйрөлөрдөгү кызматташуунун учурдагы абалын жана келечегин талкуулап, ошондой эле аймактык жана эл аралык коопсуздуктун актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашышты.

Эске салсак, күн мурун Кыргызстанга Кытайдын коргоо министри Дун Цзюнь расмий сапар менен келген. Иш сапарынын алкагында Дун Цзюнь 28-апрелде Бишкек шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун коргоо министрлеринин жыйынына катышмакчы.

Последние новости