www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев эл аралык санкциялар боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Кеңешмеге мамлекеттик органдардын жана тиешелүү ведомстволордун өкүлдөрү катышты. Учурдагы кырдаал, тобокелдиктер жана иштеп жаткан чектөөлөрдүн мүмкүн болуучу кесепеттери талкууланып, аларды этабы менен алып салуу боюнча сунуштар иштелип чыкты.
Мамлекеттик органдар Министрлер Кабинетинин жетекчилигине эл аралык милдеттенмелерди аткаруу, тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн ачыктыгын жогорулатуу жана экспорттук-импорттук операцияларга көзөмөлдү күчөтүү боюнча туруктуу негизде көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалымат беришти.
Кыргызстандын санкциялык маселелер боюнча батыштык өнөктөштөр менен тынымсыз диалогуна өзгөчө көңүл бурулду. Кеңешменин жыйынтыгында мамлекеттик органдарга терс кесепеттерди азайтууга жана кыргыз компанияларын батыш өлкөлөрүнүн санкциялык тизмелеринен чыгаруу боюнча комплекстүү чараларды иштеп чыгууга багытталган тиешелүү тапшырмалар берилди.