www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте «Кыргызстандын тоо-кен өнөр жайындагы инвестициялык саясаттын чакырыктары жана келечеги жаңы геосаясий шарттарда» аттуу тегерек стол болуп өттү. Тегерек столго аталган тармак боюнча адистер жана эксперттер катышты. Бул тууралуу маалыматты белгилүү эксперт Игорь Шестаков билдирди.

Иш-чаранын алкагында Кыргызстандын тоо-кен өнөр жайына чет элдик инвестицияларды тартуу мүмкүнчүлүктөрү жана бул тармактагы эл аралык геосаясий жана экономикалык тенденциялар талкууланды. Иш-чараны «Ой Ордо» Эксперттик демилгелер борбору уюштурду.

Байкадам Курамаев ,эл аралык мамилелер боюнча эксперт:

— Кыргызстан — аймагынын 93%ын тоолор ээлеген өлкө, бул жерде пайдалуу кендердин ири запастары бар. Менин оюмча, тоо-кен тармагын өнүктүрүү өлкөбүздүн экономикалык секиригинин локомотивине айланышы мүмкүн. Андан тышкары, бизде гидроэнергетикалык чоң потенциал бар, аны өнүктүрүү үчүн дагы инвестициялар талап кылынат. Бирок инвесторлор менен кызматташуунун оптималдуу форматтарын табуу маанилүү, бул биздин улуттук кызыкчылыктарга жооп берип, жер казынасын пайдалануу жана энергетика жаатындагы суверенитетти бекемдеген болушу керек.

Гүлсина Кулматова,  Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин өнөр жай ишканалары менен иштөө бөлүмүнүн башчысы:

— Учурдагы геосаясий кырдаал Кыргызстан үчүн тобокелчиликтерди да, мүмкүнчүлүктөрдү да түзөт. Бүгүн республика өзгөрүп жаткан тышкы шарттарга ыңгайлашуу зарылчылыгы менен бетме-бет келүүдө. Чакырыктарга карабастан, мамлекеттин негизги милдеттеринин бири — инфраструктураны жакшыртуу, бул өлкөнүн тоо-кен өнөр жайын өнүктүрүүгө жана чет элдик инвесторлор үчүн жагымдуулугун арттырууга көмөкчү болот.

Тоо-кен тармагы өлкөбүздүн экономикасында маанилүү орунду ээлейт. Бул сектор экспорттун олуттуу үлүшүн камсыз кылат, салык түшүүлөрүн көбөйтөт жана жаңы жумуш орундарын түзөт. Бүгүнкү күндө Кыргызстан стратегиялык өнөктөштүктү өзүнчө өлкөлөр менен эле эмес, ири эл аралык бирикмелер менен дагы өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүккө ээ. Бул жерде Евразия экономикалык биримдиги жана башка интеграциялык механизмдер тышкы сооданы кеңейтүү жана инвестицияларды тартуу үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

Мамлекеттик органдар бизнес жана эксперттик коомчулук менен тыгыз кызматташуусу зарыл, бул инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө, мыйзамдарды жакшыртууга, экологиялык стандарттарды колдоого жана тоо-кен тармагындагы инновацияларды өнүктүрүүгө көмөктөшөт. Инновациялык технологияларды киргизүү жана тармакты санариптештирүү анын эффективдүүлүгүн олуттуу түрдө жогорулата алат.

Байыш Айдаралиев, Улуттук инвестициялар агенттигинин инвестицияларды тартуу жана региондорду өнүктүрүү башкармалыгынын алдыңкы адиси:

— Кыргызстан эл аралык укуктун алкагында улуттук жана эл аралык укуктук нормалардын комбинациясын колдонуп, талаштарды жөнгө салуу жана мамлекеттин кызыкчылыктарын коргоо механизмдерин бекемдөө зарыл. Ошондой эле инвесторлордун экологиялык жоопкерчилиги, социалдык инвестициялар жана шарттар бузулган учурда ресурстарды кайтарып берүү боюнча милдеттенмелери так жазылган келишимдерди иштеп чыгуу зарыл. Бул жерде сот системасын бекемдөө жана чет элдик компаниялар менен талаштарды чечүүдө ачыктыкты жана калыстыкты камсыздоо маанилүү фактор болушу керек.

Игорь Шестаков, «Ой Ордо» Эксперттик демилгелер борборунун директору: 

— АКШ жана Европа Биримдигинин Россияга каршы киргизген экономикалык санкциялары Кыргызстандын инвестициялык келечегине түздөн-түз таасир этеери айкын. Санкциялардан улам биздин аймакка экинчи даражадагы санкциялардын колдонулушу теория эмес, реалдуулукка айланып калды. Кыргызстандагы банк секторундагы окуялар буга ачык мисал. Ушул шартта батыш инвесторлору оюн эрежелерин өз пайдасына өзгөртүп, мыйзамдуулукка санкциялык укук аркылуу таасир этүү аракетин көрүшү мүмкүн. Англиялык укукту киргизүү демилгеси башында заманбап юридикалык чечим катары көрүнгөн. Бирок азыркы шартта бул система чет элдик инвесторлорго Кыргызстандагы эрежелерди көз жаздымда калтырып, санкцияларды бетке кармоого мүмкүнчүлүк берүүдө. Бул болсо мамлекеттик экономикалык кызыкчылыктарды жана бюджетти коркунучка кептейт.

Казакстандагы тажрыйба: Казакстандагы «Арселор Миттал Темиртау» компаниясынын көмүр кендеринде 200гө жакын шахтёр каза болгон. 2023-жылдагы каргашалуу окуядан кийин Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев компания менен кызматташууну токтотуу талабын койгон. Бул компаниянын ээсинин ичинде британиялык ишкерлер да бар. Алардын ишмердүүлүгү экологияга да чоң зыян келтирген. Бул окуя Кыргызстан үчүн сабак болушу керек.

Жергиликтүү мыйзамдардын маанилүүлүгү:

Чет элдик инвесторлор улуттук кызыкчылыктарды бузган учурда алардын ишмердүүлүгү токтотулуп, келтирилген зыянды толуктоо талабы коюлушу керек. Экологиялык коопсуздук жана калктын ден соолугу сыяктуу стратегиялык багыттарда бул принцип сөзсүз аткарылууга тийиш.

Алмазбек Жакыпов, Кыргызстандын Жер казынасын колдонуучулар ассоциациясынын аткаруучу директору:

— Инвестиция маселелери азыр, албетте, ашыкча саясатташтырылууда. Бирок мен биздин мыйзамдык база абдан аксап жатат деген пикирге кошулам. Инвестициялык макулдашууларды даярдоо механизмдеринен баштап эле көп кемчиликтер бар. Бул документтерде биз инвесторлорго койгон бардык талаптар так көрсөтүлүшү керек. Алардын так аткарууга милдеттүү болгон шарттары болушу зарыл.

Мисалы, бүгүнкү күндө инвесторлор жарым жылдап элге айлык төлөбөй жаткан маселеге туш болуудабыз. Биз аларды инвестор дейбизби? Инвестор – бул келип, каражат салып, ишкананы өнүктүргөн адам. Ал эми бизде социалдык чыңалуу гана күчөп жатат. Мисалы, Кадамжай мурда кандай болсо, азыр деле ошондой. Ал жердеги компания болгону келген түрк жарандарын багуу менен алектенүүдө. Биздин адамдар болсо ишсиз жүрөт. Өнүгүүгө эч кандай салым кошулбай жатат. Бул бир жылдык эмес, алар бул жерде беш жылдан бери ушундай иштеп келишет.

Орловкада да мисал келтирсе болот: ал жердеги кенде бир гана кытайлар иштейт. Биздин эл болсо ишсиз. Бизде көптөгөн кен байлыктар бар, бирок аларды көзөмөлсүз иштетүүгө болбойт, анткени андан кийин бизге калдыктар, таштандылар жана башка көйгөйлөр калат. Ошондуктан баштапкы этапта эле рекультивация маселеси каралышы керек. Мунун баары так жана бекем улуттук мыйзамда – жер казынасы боюнча кодексте көрсөтүлүшү керек. Инвестор келгенде эмнеге келе жатканын жана эмнени алат экенин түшүнүшү зарыл. Бизге англиялык укук керек эмес. Ар бир долбоордо мамлекеттин үлүшү болушу керек. Биздин Конституцияда жер жана жер казынасы Кыргызстандын элинин менчиги деп жазылган.

Наталья Крек,"Ой Ордо" эксперттик демилгелер борборунун директорунун орун басары:

— Инвесторлор көбүнчө жергиликтүү калк менен маселелерди өз алдынча чечүүгө аргасыз болушат. Бирок маселе айрым кызыкдар күчтөрдүн катышуусуз толкундоолор сейрек болорунда. Адатта, жергиликтүү жамааттардын каршылык акцияларын провокациялаган ролду экология маселелери менен алектенет деп болжолдонгон кайсы бир өкмөттүк эмес уюмдар ойнойт. Мисалы, бул уран кендерине байланыштуу жагдайда да ушундай болду. Азыр маалыматтык мейкиндикте Британиянын Кыргызстандын уранына чоң кызыгуусу тууралуу маалыматтар пайда болууда.

Ошол эле учурда кызыктуусу — 2019-жылы россиялык компания Кызыл-Омпол кенин иштетүүнү пландаштырганда, бир күндүн ичинде экология маселелерине байланыштуу коркунучтарды негиз кылган митингдер уюштурулган. Натыйжада, бийлик мораторий киргизди. Өткөн жылы мораторий Ротшильддер үй-бүлөсү бул кенге кызыгуу билдиргенден кийин алып салынды. Бирок эмнегедир жарандык сектордун өкүлдөрү экология жөнүндө эч нерсе айтышкан жок, баары унчукпай калды.
Бул 2019-жылдагы митингдер чет элдик каржылоонун натыйжасы болгонун жана алар үчүн россиялык бизнестин Кыргызстандын уран тармагында иштебеши маанилүү болгонун көрсөтүп турат. Демек, кен байлыктарды иштетүү маселеси экономика чөйрөсүнөн алыс чыгып, чоң геосаясий долбоорлордун бир бөлүгүнө айланган.

Последние новости