www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев 4-февраль күнү кечинде премьер-министр Анвар Ибрагимдин чакыруусу менен Малайзияга расмий сапар менен барды.
Куала-Лумпурдун эл аралык аэропортунда мамлекет башчысын Малайзия парламентинин өкүлдөр палатасынын спикери Жохари бин Абдул, элге билим берүү министри Замбри Абдул Кадир жана башка официалдуу адамдар тосуп алышты.
Өзбек лидеринин иш сапарынын урматына ардактуу кароол түзүлүп, эки өлкөнүн мамлекеттик желектери көтөрүлдү.
Президенттин Малайзия парламентинин төрагасы менен алдыда боло турган жогорку деңгээлдеги жолугушуулардын күн тартиби боюнча пикир алмашылды.
Жолугушуунун алкагында жигердүү кызматташууну жана алмашууну улантууга, өз ара сапарларды жана достук топторунун иш-чараларын уюштурууга, мыйзам чыгаруу маселелеринде практикалык кызматташууну жолго коюуга, маанилүү инвестициялык, инфраструктуралык, социалдык жана маданий-гуманитардык программаларды ишке ашырууга көмөктөшүүгө өзгөчө көңүл бурула тургандыгы айтылды.
Негизги иш-чаралары эртең, 5-февралда өтөт.
Өзбекстандын президенти менен Малайзиянын премьер-министри жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Өзбекстан-Малайзия бизнес форумуна катышат. Саммиттин соңунда бир катар өкмөттөр аралык жана ведомстволор аралык документтерге кол коюу күтүлүүдө.