www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Элчи Кубанычбек Өмүралиев Түркия Республикасынын вице-президенти Фуат Октай менен жолугушту. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушууда тараптар эки тараптуу кызматташуунун бир катар маселелерин талкуулашты. Айрыкча ушул жылдын 6-августунда Бишкек шаарында Түркия Республикасынын Вице-президенти Фуат Октай менен Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун төрагалыгы астында өтүүчү соода жана экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын 10-жыйынын өткөрүүгө көңүл бурушту.

Ошол эле учурда тараптар жолугушуунун алкагында эки өлкөнүн ишкерлеринин B2B жемиштүү жолугушууларына көңүл буруп, жыйындын алкагында кыргыз-түрк бизнес форумун натыйжалуу өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости