www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте маанилүү дары-дармектер катылган кампалар Өмүрбек Бабановдуку болуп чыкты. Бул тууралуу Фейсбук социалдык тармагынын “Кыргыз саясаты” деп аталган тайпасы  билдирди.

“Бишкекте өтө муктаж болуп жаткан дары дармектер жашыруун сакталып турган склад Өмүрбек Бабановго таандык болгон “БИМЕД фарм” ишканасына таандык экени аныкталды. Алдын ала иликтөөлөрдүн жыйынтыгында, табылган эки кампадан гепарин, арбидол, анаферон жана башка көптөгөн керектүү делинген дары-дармектер табылды. Ал эми дарыларды кымбат баада сатып жаткан алып-сатарларга 8 кылмыш иши козголду.

Бабановдун бул кадамы бүгүн адамдарды турдүү ойлорго түртүп жатат. Эмнеге ал беш миллион сом акчаны кайрымдуулукка жумшаганын шардана кылып, дарыгерлерге маяна убадалап, кайра теңирден тескери кетип жасаган бул аракети эмнени түшүндүрөт? Ооруканаларда дал ушул дарылардын жетишсиздигинен өмүрүнөн ажырап жаткан адамдардын убалын ойлобой, арзан дарыны кымбат сатууну максат кылган арам тилеги минтип таш кабарын билбесе керек. Элдин алдына ак жүрөк болуп көрүнгөнү менен, ал кайрымдуулукка деп көрсөтүп жаткан миллиондор, өмүр менен алышып жаткан оорукчан, жана башка бизге окшогон байкуш адамдардын жонунан тилинген акчалар туура...”,-деп жазылган билдирүүдө.

NazarNews агенттиги жогорудагы маалыматты тактоо үчүн Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына байланышканда, тактап, маалымат берилерин билдиришти.

Белгилей кетсек, премьер-министр Кубатбек Боронов кечээ, 14-июлда берген онлайн брифингде коронавирус менен ооруган бейтаптар таба албай, тартыш болуп жаткан дарылардын эки кампасы табылганын билдирди. 

Маалыматка ылайык, ал кампаларда пневмония жана коронавирус илдетин дарылоодо эӊ зарыл болгон гепарин, левофлоксацин, азитромицин, физрастворлор, ингаверин, арбидол жана башка дарылар катылып жаткан. Дарыларды кампаларда катып алып, дары-дармектердин жасалма тартыштыгын пайда кылган 2 иш боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости