www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Тогуз-Торо райондук бөлүмүнө кытайлык «China Road» компаниясынын 41 жаштагы жумушчусу жоголуп кеткени тууралуу маалымат 10-июлда түштү. Анда жол курулушунда иштеп жаткан кытайлык жаран 6-июлдан бери дайынсыз болуп жатканы айтылган. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, учурда кытайлык жаранды издөө иштери улантылып жатат.

Кытайлык «China Road» компаниясы Кыргызстандын түндүк-түштүгүн бириктирген жолду куруп жатат.

Автожолду 2023-жылы пайдаланууга берүү пландалып жатканы кабарланган. Дээрлик 500 млн. долларга бааланган түндүк-түштүк альтернатив жолунун жалпы узундугу 433 чакырымды түзөт. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости