www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте массалык мушташ уюштурган чет элдик студенттер СИЗОго киргизилди. Бул тууралуу борбор калаанын ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
«Шектүү төрт адамга карата Свердлов райондук соту эки айга СИЗО-1ге камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандады», - деп билдиришти ШИИБден.
Эске салсак, 10-ноябрда Бишкекте Пакистандын жарандары болгон чет элдик студенттердин ортосунда массалык мушташ чыккан. Жаңжалдын катышуучулары милиция тарабынан кармалып, алардын төртөө убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси «Бейбаштык» боюнча кылмыш иши козголгон.
Булак: NazarNews.kg